Базар-Коргондо адам сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-декабрь түнү саат 22:30 чамаларында Бишкек-Ош унаа жолунун Базар-Коргон району аркылуу өткөн 539-чакырымында, велосипед минип бара жаткан адамды белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон. Айдоочу жабырлануучуга жардам көрсөтүүнүн ордуна окуя болгон жерден из жашырып качып кеткен.
Жерине кароо жүргүзүү учурда автоунаанын сынып түшүп калган тетиктери оң рулдуу Хонда үлгүсүндөгү автоунаага таандык экендигин аныкташкан. Ошол замат облус аймагында атайын "Тосмо" иш-мерчеми киргизилип, тиешелүү посттор коюлган.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма участогунан, оң тараптагы фарасы сынган, артты кароочу күзгүсү жок, урунган абалда бара жаткан унаа токтотулган. Текшерүү учурунда жол кырсыгы болгон жерден табылган автокөлүктүн сынык тетиктери кармалган унаага дал келген.
Айдоочу 31 жаштагы К.Ф.С. аттуу Ала-Бука районунун тургуну унаасы менен жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.