Ысык-Көл облусу боюнча 2013-жылдын 11 ай ичинде 396 өрт кырсыгы катталган

Ысык-Көл облусу боюнча 2013-жылдын 11 айында 396 өрт кырсыгы катталды. 30 миллион сомдук зыян келтирилген кырсыктан 9 адам каза болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук өрткө каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы  9-декабрда билдирди.
Адистердин айтымында өрт кырсыгынын чыгышына электр жабдыктарын иштетүү эрежесин сактабагандык, үйлөрдөгү жылытуучу мештерди көзөмөлдөбөө, балдардын от менен ойноосу жана чылым чеккен соң анын күлүн туш келди ыргытуу себеп болот. 
Ысык-Көл облустук өрткө каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, соңку жылдары облуста өрт кырсыгы жылдан жылга өсүүдө. 
2009-жылдан бери 1300 өрт кырсыгы катталып, 27 адам каза болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан