Опузалап акча талап кылуу фактысына шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты.
Маалыматка таянсак, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда ЖАКтын түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөп жаткан мезгилинде “положенец” деп эсептелген Кыргыз жараны Я.К. кармалды.
"Ал Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, №1-тергөө камак жайына киргизилди. Ал кылмыш жазасын өтөп жаткан чет элдик жарандан опузалап акча талап кылган", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Я.К. кармоо учурунда жалпы салмагы болжол менен 60 граммды түзгөн гашиш баңгизаты табылган. Буга байланыштуу мындан аркы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүнүн башка мыйзамсыз иштерге катышуусу бар экендиги аныкталууда.