ЭЛДИК КАБАР: "19-кылымдагыдай жашап жатабыз". Түптүн тургуну таза суу көйгөйүн айтты

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Корумду айылында таза суу көйгөйү көп жылдан бери чечилбей келет. Мындай билдирүү окурман тарабынан ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө келип түштү.

"Жайында суу киргизебиз деп көчөлөрдү казып, түтүктөрдү таштап көөмп кетишти. Бирок кран коюлуучу жерлерди калтырып коюшкан. Ошол бойдон суудан же крандан дайын жок. Казылган бойдон аңырайып турат.

Биз аябай кыйналдык. Эл көп жылдан бери арыктан суу ичип келишет. Суукта арыктагы суулар тоңуп, ал жактан да иче албай калдык. Жайкысын таң эрте туруп мал тебелеп кете электе ичкенге суу алабыз, кеч калсак кир болуп калат.

XIX кылымда жашагандай болуп күн кечирип жатабыз. Ушул көйгөйдү чечүүгө жардам берүүңүздөрдү суранабыз", - деген кайрылуусунда окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Begim
2022-12-24 12:45:00
Мен жөнөткөн кабарым чыкпады,эчким ачып окуп да койбоду го ватсаптан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан