Чүйдө Сокулук райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Кесиптик багыт берүү борбору ачылды. Бул жөнүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында айтылат.
Ачылыш аземге катышкан эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова кесип тандоонун маанилүүлүгүнө токтолду.
“Борбордо көрсөтүлгөн кызматтар кайрылган жарандарыбыздын арасында чоң кызыгууну, мотивацияны жана кесипти туура тандоону жаратат деп үмүттөнөбүз. Анткени кесипти туура тандоо – ийгиликтин башаты", - деген Полотова.
Борбордо мектеп бүтүрүүчүлөрүнө, жумуш издеп жаткан жаштарга натыйжалуу жумушка орношуу боюнча тренингдер, мастер-класстар жана иш берүүчүлөр, карьералык өсүшкө жетишкен белгилүү спикерлер менен жолугушуулар уюштурулат. Ошондой эле жарандарга кесиптик билим алууда, кесип тандоодо, жумушка орношууда тиешелүү кызматтар көрсөтүлөт.
Андан тышкары талап кылынган кесиптерди жана адистиктерди жайылтуу боюнча ишканалар менен кызматташуулар жүргүзүлөт.