“Берлин-1936” Олимпиадасынын алтын медалы 1466574 долларга сатылды

Америкалык жеңил атлет Жесси Оуэнске таандык “Берлин-1936” Олимпиадасынын алтын медалы кечээ, 8-декабрда онлайн-аукциондо 1466574 долларга сатылды. Бул тууралуу америкалык басылмалар билдирет.

Медалды америкалык Рон Беркл аттуу миллиардер сатып алганы айтылат анда.

Белгилүү спортчунун кызы Марлен Оуэнс билдиргендей, аукциондон түшкөн акча Жесси Оуэнстин атындагы фондго которулат.

Кошумчалай кетсек, Германиянын ошол кездеги лидери Адольф Гитлер күбө болгон 1936-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарында Оуэнс жалпысынан 4 медаль уткан. Сатылгандан башка 3 медаль каякта экени белгисиз. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан