Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында жаңы жылга карата жасалган балатыны өрттөгөндөр кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Кабарлангандай, 23-декабрда саат 05:00 чамаларда милицияга телефон чалуу болуп, анда шаардын борборундагы балаты күйүп жаткандыгы кабарланган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар чогултулган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында окуяга шектүүлөр аныкталган.
Алар 2002-жылы туулган С.Б., 2004-жылы туулган А.Н., 2004-жылы туулган К.Н. жана 2005-жылы туулган А.А. экендиги жана балатыны күйөбү же жокпу деп ойноп от коюп жиберишкени, ал тутанып кеткенде өчүрүшө албай калгандыгы такталган.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Белгилей кетсек, былтыр да 31-декабрда жыл жаңырган алгачкы мүнөттөрдө Кара-Көл шаарындагы балаты өрттөнүп кеткен болчу.