Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылында мурунку бала бакчанын имаратында эркек кишини өлтүрүп кетишти. Аталган кылмышка шектүү катары эки адам кармалганын Чуй облустук милициясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, О.Г. аттуу жарандын жансыз денеси 28-ноябрда табылган. Анын денесинен зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган. Буга байланыштуу "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 50 жаштагы Л.Р. жана 39 жаштагы О.Н. аттуу жарандар кармалган.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.