Ошто унаа тетиктерин саткан дүкөн өрттөнүп жатат.
Алдын ала маалыматка караганда, өрт Ош облусунун Кара-Суу шаарынын Нуракунов көчөсүндө жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылды. Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү аракеттери көрүлүп жатат.