Сузакта адам өлтүрүүгө шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Кабарлангандай, милицияга 32 жаштагы район тургуну кайрылып, 23-декабрь күнү болжол менен саат 09:00 чамасында 30 жаштагы жубайы “төркүнүмө барып келемин” деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.
Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, 25-декабрь күнү саат 12:00 чамаларында Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы камыштын арасынан агып өткөн суунун ичинен, дайынсыз болуп жаткан келиндин жансыз денеси табылган.
Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, моюнунда аял кишинин жоолугу оролуп, чачтары жазылган абалда жаткандыгы аныкталган.
Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө жансыз дененин моюн бөлүгүндө муунтулган изи бар экендиги, өлүмүнүн себеби дем ала албай, абанын жетишсиздигинен улам келип чыккандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагынын тургуну 1999-жылы туулган С.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыш ишти кандай жолдор менен жасагандыгы тууралуу айтып берген.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.