Сузактагы кыздар окуган медреседе өрт чыгып, эки кыз ооруканага түштү

Сузак районундагы кыздар окуган медреседе өрт чыгып, эки кыз өздөрүн жаман сезгендиктен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, өрт Комсомол айылындагы кыздар окуган медресенин чатырынан чыккан.

"Аянты 165 чарчы метр болгон кайрымдуулук мекемесинин, кыздар медресеси, мансард тибинде салынган имаратынын чатыры, 26 даана төшөк жана шыбы күйгөн. Кырсыктын кесепетинен 18 жана 16 жаштагы эки кыз өздөрүн жаман сезгендигинен улам "Тез жардам" кызматы тарабынан облустук ооруканага жөнөтүлгөн. Алар күйүк алган эмес", - деп билдиришти ӨКМдан.

Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан