Жалал-Абад облусунда Сузак РИИБинин 3 кызматкери ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган деп айыпталууда. Бул тууралуу УКМК тарабынан белгилүү болду.
Алар Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын кол алдындагы 2 кызматкери 26-декабрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган.
"9-декабрда кылмыштуу топтун 10го жакын мүчөсү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ок атуучу жана башка куралдарды колдонуу менен каракчылык кылганы аныкталган. Анын кесепетинен Д.А. аттуу жаран жабыркап, бычактан алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.
Бирок Сузак РИИБинин милиция кызматкерлери ошол кезде жетиштүү материалдарга карабастан, оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн табуу жана кармоо боюнча тийиштүү чараларды көрүшкөн эмес. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартпагандыгы үчүн алардан өзгөчө ири өлчөмдө пара алганы аныкталган.
Аталган РИИБ кызматкерлери кийин издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жакындары менен бир нече жолу жолугуп, алар менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кылмышты жашыруу үчүн талап кылынган паранын суммасын айтышкан. Кызматкерлер алардын айрымдарын кармашып, ок атуучу куралдарын (уруксатсыз травматикалык тапанча) тартып алышкан, бирок тиешелүү процессуалдык документтерди толтурбастан, өздөрүнө өткөрүп беришкен. Бул тапанча Сузак РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин иш бөлмөсүнөн тинтүү учурунда табылган", - деп жазылган маалыматта.
Натыйжада 9-декабрда каракчылык фактысы менен кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалды. Учурда бул кылмыштуу топтун жүргөн жерин аныктоо жана башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК мыйзам бузуулар тууралуу келип түшкөн сигналдар боюнча жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын аракетсиздиги жана жарандардын кайрылууларына көңүл бурбоо мындан ары кылмышкерлерге жардам берүү катары бааланып, андан ар кандай кесепеттерге алып келерин эске салат.