Баткенде унаа уурдаган жигит Бишкектен кармалды

Баткенде уурулукка шектелген 22 жаштагы жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул туурасында облустук милиция тарабынан кабарланды.

Баткен ОИИБи билдиргендей, милицияга Баткен шаарынын 35 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал унаа оңдоочу жайына келген Honda Odyssey үлгүсүндөгү кардардын унаасын жана Launch аталышындагы диагностикалык аппаратын белгисиз жарандар уурдап кеткенин айткан. Ошондой эле жабырлануучуга унаадан башка дагы үч жүз миң сомго жакын материалдык чыгым болгонун кошумчалап, аларга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Баткен ШИИБнин Кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу), 205-беренеси (Уурулук) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүү катары Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 22 жаштагы Т.Н. аттуу тургуну Бишкек шаарынан кармалды. Ал Баткен шаарына алынып келип, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2022-12-27 19:27:00
Мындай шакклдарды кармап камап олтурбай уйун сатып жабырлануучуга берип коюш керек все
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан