Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматында айтылат.
"Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 3, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган", - деп айтылат маалыматта.
- Бишкек шаарындагы Манас көчөсүндө эки бөлмөлүү 30 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган 70 чарчы метр сарай, 450 түк чөп толугу менен күйгөн.
- Нарын облусунун Жумгал районундагы Кичи-Арал айылында турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 20 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрт мештерди пайдаланууда өрт коопсузудук эрежесинин бузулушунан келип чыккан.
Ал эми башка өрт кесепеттеринин келип чыгуу себептери такталып жатат.