Футбол боюнча Нидерланды улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Коди Гакпо Англиянын "Ливерпуль" футболдук клубуна өттү. Мындай маалымат англиялык клубдун расмий сайтына жарыяланды.
Нидерландылык футболчу "Ливерпуль" клубу менен 2028-жылга чейин келишим түздү. Ал клубда 18-номерде ойнойт.
23 жаштагы Коди Гакпо Катарда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда ачылыш жасаган футболчулардын бири. Ал Дүйнө чемпиондугунда жалпы 3 гол жараткан.
Ал буга чейин "ПСВ" клубунда ойноп келген.