Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 500 түк чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы Ишеналы көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ак-Суу райондук өрткө каршы бөлүмүнөн 2 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.
Натыйжада короодо 500 түк чөп күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.