Оштогу Кара-Суу райондук "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин филиалынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Мекеменин кызматкерлери ушул жылдын 21-декабрында жасалма документтердин негизинде 0,65 гектар жер тилкесине мамлекеттик күбөлүк каттатып алган. Алынган маалыматка караганда, кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган жер тилкесин чет элдик инвесторлорго 350 миң АКШ долларына сатууга аракет кылган.
Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнө карата тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
УКМК мүмкүн болуучу терс финансылык кесепеттерди алдын алуу үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алуучуларга сатып алардан мурда аларды кылдат изилдөө жана текшерүү жүргүзүүнү эскертет.