Эмгек сиңирген артист Съездбек Искеналиев: "Бул сыйлык ыраматалык ата-энемдин да кыялы болчу"

Бүгүн мамлекет башчысы Садыр Жапаров өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын катарында эстрада ырчысы, обончу жана актёр Съездбек Искеналиев да бар. Анын маданият тармагындагы 20 жылдык эмгеги бааланып, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамына татыктуу болду.

Ырчыны алган сыйлыгы менен куттуктап байланышканыбызда, кубанычында чек жок экенин айтып, бул наам ага стимул бергенин кошумчалады.

"Бул наам жаңы жылдын алдында күтүлбөгөн чоң белек болду. Бул биринчи кезекте ыраматылык менин ата-энемдин кыялы болчу. Анткени кичинекей кезимде ырдап баштаганымда, башымдан сылап: "Менин уулум келечекте чоң ырчы болот. Элдин сыймыктуу уулу болот" деп көп айтышчу. Жогорку наам бир эле мага эмес, жакындарыма, күйөрмандарыма чоң белек болду деп айтсам болот. Сыйлык алуу үчүн документтеримди жаз мезгилинде тапшыргам. Бүгүн мынтип жогорку сыйлык берилип олтурат. Бул тармакта 20 жылдан бери эмгектенип келем. Ырчы катары эле эмес, актёр, режиссёр катары да кино жаатында өзүмдү сынап келе жатам. Мындан сырткары, өзүмө таандык обондорду да кыргыз элиме тартуулап келем. Искусствого кошкон салымым жогору жактан бааланганына толкунданып, ыраазы болуп турам. Бул сыйлык мага дагы да эргүү берип, стимул болду десем туура болот. Алдыда дагы бир топ эмгектерди жаратып, кыргыз элимди кубандыра берем", - дейт ырчы.

Съездбек Искеналиев Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайындагы "кыл кыяк" бөлүмүн жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин бүтүргөн.

Ырчы "Селки" аттуу ыры менен чыгып, атактуулукка жеткен. Ырчылыктан тышкары тасмаларга тартылып, режиссёрлук жаатында да иштеп келет. Кино тармагында алгач "Боз салкын" тасмасындагы Мураттын ролу менен таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан