Чүй ОИИБинин
кызматкерлери тарабынан "автоунаадан акча уурдады" деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу 9-декабрда аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка
ылайык,Новопавловка айылынын 57 жаштагы тургуну милиция кайрылган. Ал белгисиз
адамдар короодо турган автоунаасынан көп суммадагы акча менен кымбат баалуу
саатты уурдап кеткендигин айткан. Бул факты боюнча Сокулук
РИИБинин кызматкерлери кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү деп 19 жаштагы эки адам кармалды.