Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун жана Аргентина курамасынын чабуулчусу Лионель Месси легендарлуу бразилиялык футболчу Пеленин өлүмү боюнча билдирүү жасады.
"Жаткан жериң жайлуу болсун, Пеле", - деп жазды Месси социалдык тармактагы баракчасына.
Эске салсак, кечээ, 29-декабрда Пеле 82 жашында каза болгон. Өмүрүнүн акыркы жылдарында футбол падышасы ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөргө туш болгон, атап айтканда, ага жоон ичеги шишиги деген диагноз коюлган.
26-декабрда интернет айдыңында Пелени акыркы сапарга узатуу үчүн даярдык көрүлүп жаткан видео тараган.
Белгилей кетсек, ал рак илдети менен ооруп келген жана соңку бир айга жакын убакыттан бери ооруканада жаткан.