Токмок шаарындагы массалык мушташтан улам өспүрүмдөр бычакталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Токмоктогу "Сказка" дүкөнүнүн 2-кабатында жаңы жыл майрамына карата дискотека уюштурулган. Анда Токмок менен Чүй районунун өспүрүмдөрүнүн ортосунда массалык мушташ болгон. Мушташтан Чүй айылынын 17 жана 18 жаштагы эки өспүрүмү бычакталган.
Милиция бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында массалык мушташтын катышуучулары аныкталган. Алар Токмок шаарынын жана Чүй районунун 2005-2007-жылдары туулган тургундары болуп чыккан. Анын ичинен 2006-жылы туулган Т.Р аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, мушташтын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти облустук милициядан.