Чеченстанда 31 жаштагы мурдагы UFC мушкери Абдул-Керим Эдилов каза болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, мушкердин эмне себептен каза болгондугу белгисиз. Ал 29-декабрда каза болуп, ошол эле күнү жерге берилгендиги маалым болду.
Абдул-Керим Эдилов UFC'деги дебютуна чейин эле тыюу салынган мельдоний менен кармалып, 15 айга спорттон четтетилген. 2017-жылы Абдул-Керим UFC'де бир беттеш өткөрүп, Божан Михайловичти жеңген. Бул беттештен кийин UFC уюму мушкер менен келишимин токтоткон.
Андан кийин ал Чеченстанга кайтып келип, республика башчысы Рамзан Кадыровдун балдарынын жеке машыктыруучусу болуп иштеп келген. 2022-жылдын февраль айында Чечен Республикасынын жаштар саясаты жана спорт боюнча вице-премьер-министринин кызматын ээлеген.
Айрым басылмалар Абдул-Керим Эдилов акыркы убакта Рамзан Кадыровго жакпай калганын жазып чыгышты.