Оштун Кара-Суу районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, ушул жылдын 18-декабрь күнү болжол менен саат 02:20 чамасында милицияга Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын Киров айылындагы кароосуз калган турак жайдан жашы 70-75 жаштагы жарандын жансыз денеси табылганын билдиришкен.
Аталган маалымат каттоого алынып, милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. Маркум Ош шаарынын 75 жаштагы С.А. аттуу тургуну экени аныкталды.
Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 28 жаштагы Ш уулу Т аттуу тургуну кармалды. Андан далил буюм катары окуя болгон күнү кийип жүргөн канга боёлгон кийимдери жана маркумдун денесине жаракат келтирген кылмышка шектүүнүн колунун изи калган бышык кыш алынды.
Шектүү Кара-Суу райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Өлүмдүн себебин тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Тергөө амалдары уланып жатат.