Бүгүн, 30-декабрда ырчы Адилет Азимов кызын бооруна басып чыккан жубайын шаан-шөкөт менен кучак жая тосуп алды. Ырчыны куттуктап анын сахналаш достору да келген.
“Ата болуу сезим өзгөчө экен. Ишене албай турам. Кубанычымда чек жок. Азырынча кызыма ысым тандай элекпиз. Буйруса чоң атасы бүгүн чалып айтат. Биринчи небере болгондуктан ысым тандоо кызматы ата-энеме жүктөлдү”, - дейт маңдайы жарыла сүйүнгөн ырчы.
Эске салсак, ырчы Адилет Азимов 27-декабрь күнү кырк жылкылуу болуп, кубанычы менен бөлүшкөн.