Бүгүн, 31-декабрь эски жылды узатып, жаңы 2023-жылдын босогосунда турган чагыбыз.
Бул күндө адамдар жыл жыйынтыгын чыгарып, жаңы максаттар менен жаңы жылга кирип барышат. Көпчүлүгү жакындарына белек алып, жакшы тилектерин арнашуу менен жагымдуу маанай тартуулап турган учуру.
“Поэтерапия” рубрикасында бул майрамды утурлай жаңы жылга карата жазылган акындардын каалоо-тилек ырларын сунуштайбыз.
ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТОО!
Жаңы жылда куттуктайлы баарысын,
Жакшылыктын тилеп элге нагызын.
Эгемендүү Ала-Тоомдо салтанат,
Эргип-толкуп турганыбыз дагы чын.
Жаратканым берсин ырыс, таалайды,
Жалпы журтка аманчылык каалайлы.
Аппак таңды тосуп алып шаң менен,
Ар бир күнүн тирүүлүктүн баалайлы.
Өлкөбүзгө жамандыктар келбесин,
Өрт жигиттер элин ойлоп, "эл" десин.
Жаңы жылда тилектерди кабылдап,
Жаратканым мээримине термесин.
Жаңы жылда жаңы максат көздөйлү,
Жанган оттой жалындайлы, өчпөйлү.
Ала-Тообуз токчулукта жашасын,
Арман эмне, кайгы эмне сезбейли.
Торобосун кырсык-балээ сагаалап,
Жолобосун согуш деген алаамат.
Кылымдардын миңин эсен карытып,
Кыргыз элим жашасынчы саламат!
Жуса Касиетов
***
Арыбагын, эшигимди ачкан жыл,
Арбын күндөн өз энчисин тапкан жыл.
Изги болсун ар бир баскан кадамың,
Ийгиликке калайыкты шаттандыр.
Куттуу болсун жыл жаңыртып келишиң,
Кутман жыл бол, акжолтой бол эл үчүн.
Эгемен эл эртеңине шыктанып,
Эмгегинин көрсүн үзүр, жемишин.
Өткөн жылдын кайталаба катасын,
Өмүрдүн бер мөлтүр, тунук, тазасын.
Апаат-кырсык, оору-сыркоо азайып,
Атпай журтум эркин, бейпил жашасын!
Ар бир үйдүн данга толуп ороосу,
Ар бир үйдүн малга толуп короосу.
Былтыркыдан табылгалар көп болуп,
Былтыркыдан аз болсо экен жоготуу.
Толуп тургун сүйүнүчтүү кабарга,
Тоолук элден жакшылыгың аянба.
Ыйман менен ынтымакты жүктөй кел,
Ырыс, бакыт мол болсунчу анан да!
Эрлан Жумагазиев
***
Жаңы жыл бул - көкөлөшү маанайдын,
Жакшынакай сөзүм элге арнаймын.
Баскан сайын кенен болсун жолубуз,
Баарыңарга ден соолукту каалаймын.
Кубанычтын балын бирге таталы,
Бул жашоонун кызыгына баталы.
Жеткинчектер билим алып, жетилип,
Улансын дейм келечектин сапары.
Жакшылыктын оту алоолоп жагылсын,
Жалгыздарга түгөйлөрү табылсын.
Нанга толуп берекелүү дасторкон,
Наристенин үнү шаңдуу жаңырсын!
Кабыл болуп орундалсын тилектер,
Жакындашсын бир-бирине жүрөктөр.
Санаасы жок кубанычта өтсүнчү,
Тирүүлүктө ай, күн эмес мүнөттөр.
Жергебизде тынчтык шаңы орносун,
Жаратканым баарыбызды колдосун.
Ала-Тоодой бийик максат ишке ашып,
Ак калпактуу элим жыргап, тойлосун.
Бир бололу дайым бирге сырдашып,
Кадырлашып, кучакташып, сыйлашып.
Орундалып ушул жылы тилектер,
Жалпы журтум жашаса экен жыргашып.
Адилет Алыбаев
***
Жаңы жылда куттук айтып баарына,
Жаркын жашоо тилейм жашы, карыга.
Бакубат доор кучак жайып келсинчи,
Баркы тоодой кыргыз элдин багына.
Куттуу болсун Жаңы жылы элимдин,
Куту жанып турсун даңктуу жеримдин.
Эмгектенип кең келечек муун үчүн,
Эр жигиттер алга карай темингин!
Эгемендүү Ала-Тоомдон нур алып,
Эргип турам ырларымды чыгарып.
Эски жылга ыраазылык билдирип,
Элим тоссун Жаңы жылды кубанып.
Жолборс жылы көп ийгилик арнады,
Жогорулап баардык иштин тармагы.
Коогалаңсыз өнүгөлү тынчтыкта,
Колдоп дайым Манас ата арбагы.
Коён жылы койнун кенен ачсынчы,
Кут, ырыскы бакыт-таалай чачсынчы.
Журтубузда ыр күү тынбай жаңырып,
Жамандыктар арабыздан качсынчы.
Жакшылыкты ырыбызга кошолу,
Жанып турсун ар бир үйдүн очогу.
Эски жылга ыракмат айтып узатып,
Эргип-толкуп, Жаңы жылды тосолу!
Нурсултан Жайлообай уулу