Тажикстанда “Чыңгыз Айтматов сөз менен дүйнөнү багынтты” аттуу фестиваль болуп өттү

6-декабрь күнү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата “Чыңгыз Айтматов сөз менен дүйнөнү багынтты” аталыштагы фестиваль өттү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.
Аталган фестиваль Тажикстандын Абу Али Ибн Сина атындагы Тажикстан мамлекеттик медициналык университетинде окуган кыргыз студенттери менен КРнын Тажикстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган. Анда студенттер Чыңгыз Айтматовдун романдары менен “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү жана Кыргызстан тууралуу видеороликтерди көрсөтүшкөн. Ошондой эле салтанаттын катышуучулары кыргыздын улуттук аспаптарында кол ойнотуп, улуттук кийимдерди келгендердин назарына сунуштаган. 
Кошумчалай кетсек, Абу Али Ибн Сина атындагы жогорку окуу жайда Кыргызстандын 28 студенти билим алат. Алар мамлекеттер аралык квотанын негизинде аталган окуу жайга кабыл алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurmat.kg
2013-12-09 13:10:38
Озун олсондагы,оз ысымын олбосун деген соз бекеринен айтылбаса керек, Чынгыз Айтматовтун арбагы мекендештеримди колдосун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан