Криштиану Роналду сауд арабиялык "Аль-Наср" клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Криштиану Роналду 2003-2009-жылдары "Манчестер Юнайтед" клубунда, 2009-2018-жылдар аралыгында испаниялык "Реал Мадрид" клубунда, 2018-2021-жылдары италиялык "Ювентус" кулбунда ойноп, 2021-жылы кайра англиялык "Манчестер Юнайтед" клубуна кайтып келген.
Белгилей кетсек, 5-декабрда Роналду "Аль-Наср" клубуна өтөөрү жана чабуулчуга сезондо 200 миллион евро маяна убада кылынганы тууралуу маалыматтар тараган болчу.
Футболчу 22-ноябрда "Манчестер Юнайтед" клубу менен келишим токтогонун расмий жарыялаган.
Катарда өткөн Дүйнөлүк чемпионатта ал Португалиянын курама командасында бир гол киргизди. Анын командасы турнирдин жарым чейрек финалына чейин жетип, Марокко курамасына утулуп калган.