Бишкекте 5 балдар дарыгери камакка алынды. Окуянын чоо-жайы

Бишкекте 5 медицина кызматкери кесиптик милдеттерин так аткарбаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Милицияга 2022-жылдын 14-ноябрында саат 09:13 чамасында шаардык өлүкканадан жашы жете элек баланын сөөгү түшкөнү тууралуу маалымат берилген.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө бала 2022-жылдын 13-ноябрында ашказаны ооруп ооруканалардын бирине түшкөнү, андан соң башка оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулуп, ал өзүнө келбей көз жумганы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-берене (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу) менен кылмыш иши козголгон. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Анын негизинде шектүү катары 60 жаштагы М.Ж., 67 жаштагы И.Р., 28 жаштагы К.Б., 32 жаштагы Э.А., 41 жаштагы М.К. жана 27 жаштагы А.Г. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ленин райондук соту тарабынан шектүү 5 адамга карата 2023-жылдын 10-январына чейин СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Ал эми И.Р. үй камагына чыгарылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан