Ошто өзүн УКМКнын кызматкери катары көрсөтүп жүргөн жаран кармалды

Ошто өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып, мыйзамсыз иш аракеттерди жасаганга шектелген жаран кармалды. Маалыматты бүгүн, 2-январда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, кармалган жаран Кара-Суу районунун О.А. аттуу тургуну болгон. Ал тергөө камак жайына киргизилди.

"Өзүн атайын кызматтын кызматкери катары тааныштырып, өлкө жетекчилиги менен тааныштыгы бар экенин көрсөтүп, мыйзамсыз иш аракеттерди кылып жүргөн О.А. аттуу жаран такталып, сот жообуна тартылды.

Такталган маалымат боюнча анын психологиялык таасир көрсөтүүсүнүн натыйжасында «Кадастр» мекемесинин кызматкери Б.Э. 0,65 гектар жерге мамлекеттик сертификатты мыйзамсыз каттаткан.

Бул ишке байланыштуу О.С. аттуу жаран шектүү катары айыпталууда. Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында анын жашаган жеринен жерди пайдалануу жаатындагы ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин көрсөткөн материалдар табылып алынды", - деп жазылган атайын кызматтын маалыматында.

Учурда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан