Ырчы Кайрат Кыргыз күн мурда жылаңач сүрөтүн жарыялагандыгынын себебин айтты.
Ал жылаңач сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасынан өчүрүп салган. Ырчы муну туура эмес басып алганы менен түшүндүргөн.
"374000 көрүү топтоду. Эртеңкиге чейин турганда 7000 000 чейин жетмек экен. Жакшы сүрөт киргизсем ойлонбойсуңар! Залкарларды мактап, колдоп жазгыла десем унчукпайсыңар! Анан жөн эле көлдө түшүп койгон сүрөттү талкуулайсыңар! Демек, көргүңөр келет!
Өзүңөр мынчалык жаман комментарий жазасыңар. Бирок силер жасаган жаман ишти жасабайм! Диндегилер жаман айтпа деп коюп, ашмалтай жазасыңар!
Билгиңер келсе сүрөт жамандарга арналган болчу! Сөз ээсин табат!", - деп жазган ырчы.
Эске сала кетсек, Кайрат кыргыз көлдүн жээгинде жылаңач түшкөн сүрөтүн кечээ, 2-январь күнү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялаган болчу. Муну менен ырчы түрдүү талкууга жем таштаган.