Баткенде жер семирткичтерди мыйзамсыз ташыгандар кармалды

Баткенде минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташыгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, 1-январда УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө Чек ара кызматы менен биргеликте түнкү убакта Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын аймагынан Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Хожа-Ало чек ара айылына мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди ташып келүү аракети токтотулду.

Анда Кыргызстандын 1994-жылы туулган К.М. жана 1994-жылы туулган А.У. аттуу жарандары мамлекеттик номери S 9432 S Ауди 100 маркасындагы унааны пайдаланып, Тажикстандын аймагына контрабанда каналын түзүүгө аракет кылышкан. Алар жакынкы чек ара аймагы аркылуу аз сандагы жүктөрдү ташууну көздөшкөн.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилди. Автоунаа жана 7 кап селитра көлөмүндөгү жүк сактоочу жайга коюлган.

Бул факты боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ekb92
2023-01-04 12:06:00
Эми уялсанар Боло УКМК, селитра Алып отсо отуптур, бул результат деп эсептебеймин, балдар вариантын кылып отушуптур бул наркотик эмесго
0
zamir_kgz
2023-01-05 09:28:00
Ekb92 Кыргыз жарандарына кысым болбосо керек, кайра өздөрүнө жакшы барымтада калып кетсе дагы УКМК Чекара кызматына түйшүк болот. Бул жамшуддардан арнерсе күтсө болот
0
aslonur
2023-01-04 15:01:00
Килограммдап Банги саткан зам начальник УВДны начальник УВД ыссык-кульский области кылып коюп кучунор 7кап жер семирткич ташыган бечарага жеттиби
+2
zamir_kgz
2023-01-05 09:26:00
Кыргыз Республикасынын чекара кызматы УКМКнын башкаруусуна өткөнүнө көп жыл болду.
0
Kari
2023-01-06 10:30:00
7 кап селитрага богот коюп ката кетирбединерби.Мумкун алар эгинге чачмак жазында.Озубуздо ондурулбогондон кийин ,арзаныраак алып ,чоон алып сатарларга акчабызды калтырбайлык дегени го алардын да.Кор тирикчилик ай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан