Кочкордо аксакалдарды коркуткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кочкор районунун аймагындагы жер тилкени мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А.Ы.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Ал өз билемдик менен Кочкор районунун аймагынан 100 гектардан ашык жер тилкесин ээлеп алган. Андан соң аталган А.Ы.А. аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүн физикалык күч колдонуу менен коркуткан.

Белгилей кетсек, кармалган жаран 2022-жылдын декабрь айында Кочкор РИИБнин жетекчилигин колго алуу менен Кочкор айылындагы кафенин ээсинен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Ш.Н.О. аттуу жарандын уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп эсептелинет.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

"Эгерде сиздерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалап акча талап кылып коркутуп жатса же укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз жасалып жаткан кылмыш фактылар боюнча маалыматтар болсо, Улуттук коопсуздук органдарына билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан