
Каракол шаарындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 13 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринен 13 адамды куткаруучулар эвакуациялашкан. Тактап айтканда, Коёнкозов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн электр калканычынан өрт чыгып, анда жашагандарды терезе аркылуу алып чыгышты.
Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, өрт саат 15:30да чектөөгө алынган. Ыкчам аракеттин натыйжасында электр калканычындагы өрт саат 15:58де толук өчүрүлгөн", - деп билдиришти ӨКМдан.
Бактыга жараша, тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.