Кочкор районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 5-январда саат 22:15 чамасында Кочкор-Арал жолунун 22-чакырымында айдоочу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 35-40 жаш чамасындагы жаран окуя болгон жерден каза болгон.
Бул факты боюнча издөө иш-чаралары жүрүп, кылмышка шектүү катары Howo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын 1995-жылы туулган Б.у.А аттуу айдоочусу кармалды.
Кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.