"Апасы жумушка кеткен". Жалал-Абадда эки жашар кыз түтүнгө ууланып чарчап калды

Жалал-Абад шаарында эки жашар кыз түтүнгө ууланып чарчап калды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-январга караган түнү саат 01:30 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынан Жалал-Абад ШИИБине билдирүү келип түшкөн. Анда 2020-жылы туулган наристе кыз түтүнгө ууланып каза болуп калгандыгы айтылган.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад ШИИБи териштирүү иштерин баштаган жана окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган.

"7-январда саат 20:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 1993-жылы туулган келин кошумча жумуш кылуу үчүн идиш жууганы чыгып кетип жатып, 2019-жылы туулган уулун жана 2020-жылы туулган кызын уктатып коюп үйүнөн чыгып кеткен. Кайра 23:30 чамасында жумуштан келсе, үйүндө электр жылыткычтын зымы эрип, түтүн каптап, кызы каза болуп калгандыгы аныкталган. Ал эми уулу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан