Сауд Арабиянын "Аль-Наср" клубуна өткөн атактуу футболчу Криштиану Роналду аталган өлкөдөгү Four Seasons мейманканасынан 17 бөлмөлүү королдук люкс бөлмөсүн ижарага алып, жашап жатат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Роналду Эр-Рияддагы Kingdom Tower асман тиреген имаратынын 99-кабатында жайгашкан мейманканага үй-бүлөсү жана жан сакчылары менен жашайт. Футболчуга 17 бөлмөлүү кенен батирлер берилген, алар жөнөкөй кардарларга ижарага берилбейт.
Бул үчүн Роналду айына 302 миң доллар төлөйт. Ал туруктуу үй тапканга чейин жашаары маалым болду.