Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычына эркек адам чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, суу сактагычка түшүп кеткен 1985-жылы туулган А.Ш. аттуу эркек киши болгон. Аны издөөгө 13 куткаруучу тартылып, издөө иш-чараларын жүрүшүндө жансыз дене суудан табылган.
Кызматкерлер табылган жансыз денени ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.