Чүйдүн Новопавловка айылында кампа өрттөнүп кетти

Бүгүн, 9-январда Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

"Тилсиз жоо саат 06:41де чектөөгө алынып, 09:34тө толук өчүрүлдү. Өрт курчаган жалпы аянт 340 чарчы метрди түзүп, пластик сакталган кампа, жыгач иштетүүчү цех жана унаа оңдоочу жайдын чатыры күйгөн", - деп айтылат маалыматта.

Өрттөн жабыркагандар жок экендиги жана кырсыктын келип чыгуу себеби такталып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан