Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Лексус RX 350 үлгүсүндөгү унаа сайга түшүп кетти. Бул тууралуу окурман порталыбызга кабарлады.
Анын айтымында, окуя кечээ, 8-январда болгон. Анда унаа 500 метрдей бийиктиктен сайга түшүп кеткен.
Бул боюнча Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына байлынышканыбызда кырсыктан жабыркагандар жок экендигин билдиришти.
"Бишкек-Ош унаа жолунун 404-чакырымында Лексус RX 350 үлгүсүндөгү унаа токтоп турган жеринен музга тайгаланып сайга түшүп кеткен. Жабыркагандар жок, тагыраагы унаанын ичинде адамдар болгон эмес", - дешти мекемеден.