Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы Таиландда өтө турган Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Анда Кыргызстандан 12 спортчу күч сынашат.
Курама команданын тизмеси:
1. Анвар Ходжиев, 48 килограм;
2. Ислам Торобаев, 54 килограмм;
3. Тургунбек Иманкадыров, 57 килограмм;
4. Мирзахит Имамназаров, 60 килограмм;
5. Аскат Култаев, 63,5 килограмм;
6. Ихтияр Нишанов, 67 килограмм;
7. Нурадин Рустамбек уулу, 71 килограмм;
8. Даниэль Абдрахманов, 75 килограмм;
9. Бекбол Мурасбеков, 80 килограмм;
10. Нурсултан Болотбаев, 86 килограмм;
11. Бакыт Токтосун уулу, 92 килограмм;
12. Ооматбек Элчоро уулу, 92 килограммдан жогору;
13. Мукаш Ырсалиев, калыс;
14. Данияр Төлөгөн уулу, башкы машыктыруучу;
15. Улан Сагынбаев, улук машыктыруучу.
Чемпионат 17-28-январь күндөрү Бангкок шаарында 22 жашка чейинкилер арасында өтөт.