Чүйдүн Аламүдүн районунун Ленинское айылында жаңы жыл майрамын белгилөө каргашалуу окуя менен коштолду. Анда 59 жаштагы эркек киши көкүрөгүнө бычак сайылып каза болгон. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган факты каттоого алынып, "киши өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип, маркум менен чогуу жашап жаткан 1977-жылы туулган П.И. аттуу аял киши кармалган.
Белгиленгендей, алар жаңы жыл майрамын белгилеп жатып, мас абалында пикир келишпестик жаралган.
Учурда шекүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланып жатат.