Чүйдүн Сокулук районундагы дүкөндөрдүн биринде өспүрүм кызды белгисиз жаран бычак менен коркуткан. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-январда милицияга арыз менен Студенческое айылынын 57 жаштагы М.Б. аттуу тургуну кайрылган.
Арызында ошол эле күнү саат 19:20лар чамасында айылдагы дүкөнгө ак түстөгү медициналык беткап менен колкап кийген белгисиз адам кирип келип, 17 жаштагы М.Т. аттуу кызды бычак менен коркута баштаганын жазган. Ошол маалда дүкөнгө кардар кирип калганда шектүү кассадагы акчаны алып, арткы эшик аркылуу качып кеткенин билдирген.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде (“Каракчылык”) көрсөтүлгөн курам менен иш козголгон.
Учурда кылмыш иши боюнча бардык ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатат.