UFC мушкери Рафаэль Физиев UFC уюмунун чемпиону Ислам Махачевдин күчтүү жактары тууралуу ой бөлүшүп, анын алсыз жерин дагы атады.
"Ислам чындыгында күчтүү мушкер. Ал физикалык жактан дагы, күрөштө дагы башкалардан бир кадам алдыда. Анын туруп мушташууда (стойка) каталары көп, өзгөчө чабуул жасоодо. Эми Дагестандын баары мага таарынышат, бирок ал чабуулда ар дайым ачык. Ага кирүү оңой", - деди Физиев "Captain Hardcore" аттуу YouTube каналга берген маегинде.
Рафаэль Физиев UFC'деги акыркы беттешин 2022-жылдын 10-июлунда өткөргөн. Анда ал бразилиялык мушкер Рафаэль Дос Аньосту беттештин бешинчи бөлүгүндө нокаутка учураткан.