Бишкек шаарындагы дүкөндөрдүн биринен 2 миллион сом уурдоого шектелип 20 жаштагы кассир кыз кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, дүкөндүн ээси милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал 2022-жылдын башынан бери Исакеев көчөсүндө жайгашкан азык-түлүк дүкөнүндө кассир болуп иштеп жүрүшүп, кассадан 2 миллион сом уурдап кеткен үч жаранга чара көрүүнү суранган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы К.К аттуу кыз кармалды. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.