Ош шаарындагы Sky Bar оюн-зоок мекемесинде коомдук тартипти бузган УКМКнын кызматкерлери кызматтан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2-январда Sky Bar оюн-зоок мекемесинде орун алган УКМК кызматкерлеринин катышуусундагы мушташ боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Натыйжада коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органына шек келтиргендиги үчүн окуяга катышкан кызматкерлерди кызматтан алуу чечими кабыл алынган.
Учурда аталган факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аскер прокуратурасы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Оштогу түнкү клубда кыз менен эркек кишинин сабалган видеосу тараган.