Кыргызстандык айдоочу Казакстандын талаасында 6 күн калып калды

Казакстанда унаасы жолдун четиндеги арыкка түшүп кеткен кыргызстандык айдоочуга жардам көрсөтүлдү. Мындай маалымат Казакстандын ички иштер министрлигинин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Унаа жүктөп кетип бара жаткан Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Volvo жүк ташуучу унаасы Самара-Шымкент унаа жолунун 797-чакырымында арыкка түшүп калган.

Жүк ташуучу унааны алып чыгууга мүмкүн болгон эмес. Бирок Казакстандын полициясы айдоочунун ал-акыбалын, тамак-аш, суусу бар экенин сурашкан.

Айдоочу унаасы жолдон чыгып кеткенине алты күн болгонун билдирген.

9-январда полиция кызматкерлери менен "Казавтожол" ишканасынын кызматкерлеринин биргелешкен аракети менен жүк ташуучу унаа атайын техниканын жардамы менен жолго чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан