Жалал-Абадда ээсин бычактап, унаасын айдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жергиликтүү тургунду бычактап, андан соң унаасын айдап качкан деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-январда саат 15:15 чамасында Жалал-Абад ШИИБине облустук клиникалык ооруканасынын дарыгери телефон чалган. Анда ошол эле күнү 14:45 чамасында Жалал-Абад шаарынын 47 жаштагы тургунун өзүнө бейтааныш болгон 39 жаштагы жаран өз ара пикир келишпестиктен улам бутуна учтуу нерсе менен сайып, Тойота Авенсис үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кетип калгандыгын билдирген.

Жалал-Абад ШИИБинин кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1984-жылы туулган О.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылат.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде кылмыш иши козголгону жана азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан