Борбордо 4500 долларды алып бербей койгон деп айыпталып эки адам кармалды.
Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.
Маалыматка ылайык Бишкек шаарынын 31
жаштагы тургуну Ч. Айзада арыз менен милицияга кайрылган. Анда ал Касым жана
Залина аттуу тааныштары ишеничке кирип, 4500 долларын алып бербей койгондугун
айткан.
Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө 33 жаштагы Ж. Касым менен
Н. Залина кармалды.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.