Грек рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу 21-22-январь күндөрү өтөт. Балбандар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 килограмм салмакта күч сынашат.
Мелдештердин программасы: Башталышы: 21-январь, саат 11:00;
Ачылыш аземи – 21 январь саат 17:00дө.
Ал эми эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу 23, 24-январга белгиленген. Күрөштүн бул түрүнөн балбандар 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 кг салмак категорияларында күч сынашышат.
Башталышы: 23-январь, саат 11:00 ;
Ачылыш аземи – 23 январь саат 17:00дө.
Чемпионат улуттук курама командаларды түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкөнүн жаштарынын арасында күрөштү популяризациялоо максатында өткөрүлүп жатат. Мелдеш UWW эл аралык уюмунун бекиткен эрежелеринин негизинде өкөрүлөт.