Бишкекте митингге чыккандардын айрымдарын милиция кармап кетти (фото)

Бүгүн, 10-январда Бишкекте тынчтык митингине чыккан жарандардын айрымдарын милиция кызматкерлери кармап кетти.

Митингге чыккандар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотуу керектигин айтышкан. Жыйынтыгында милиция кызматкерлери алардын айрымдарын автобуска салып, алып кетти.

Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция 20дан ашуун саясатчы, жарандык активисттерди кармап кеткен. Ички иштер министрлиги билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

Милиция кылмыш ишин козгоого алардын 22-октябрда борбор калаадагы кафелердин биринде өткөн жыйыны негиз болгонун билдирип, аларга карата коюлган айыптар боюнча далилдер жетиштүү экенин белгилеген. Ал эми кармалгандар муну саясий куугунтук катары баалап, күнөөсү жок экендигин айтып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kuban-1207
2023-01-10 13:53:00
Камаш керек буларды
-6
Antiradikal11
2023-01-11 10:18:00
Kuban-1207, сага окшогон доопарас жугундукорлор камалчу кун жакын!
+1
Patriotka
2023-01-10 14:29:00
К.н кысып отура беришпейт ажылдашып.Б.к барбы
-1
Antiradikal11
2023-01-11 10:13:00
Patriotka, элдин баары сендей мал болсо кыргыз эли эчак тентип кетмек цыгандардан бетер...... 2 доопарас жеринди, суунду сатып жатса сен жана сага окшогон тупойлор отурдунар котунорду кысып эшектен айырманар болбой...
+4
Allah Akbar
2023-01-10 19:30:00
Исламда сразу дарга асып койот дин менен иши жокторду камап олтурбайт
-1
Antiradikal11
2023-01-11 10:12:00
Allah Akbar, доорубочу келесоо, доопарас. Сага окшогон тупойлор исламды бурмалап бутту, элге жек корсотуп......
+1
Azat-123
2023-01-11 15:20:00
Antiradikal11сен үч тамгасың
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан